Нидерландыда саламаттыкты сактоо министри Бруно Брёйнс кечээ, 18-мартта парламенттин жыйынында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланып жатканда эс-учун жоготту.

Нидерландыда саламаттыкты сактоо министри Бруно Брёйнс кечээ, 18-мартта парламенттин жыйынында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары талкууланып жатканда эс-учун жоготту. Андан кийин министр өзүнө келип, жыйын залынан чыгып кетти.

Ал Twitter'деги баракчасына билдирүү жарыялап, бир нече жумадан бери тыныгуусуз иштегендиктен эс-учун жоготконун жазып, колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми 19-мартта Бруно Брёйнс отставкага кеткени маалым болду. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнүн сайтында жарыяланды. Анда министр өз каалоосу менен кызматынан кеткени айтылат.

Булак: Баракелде