Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 3405 (бир суткада 427) адамга жетсе, Кытайда вирустан 3245 адам көз жумган.
Мындай маалыматты Жарандык коргоо кызматы билдирди.
Ал эми Италияда эпидемияны жалпы 41 035 адам жуктурган (айыккандарды кошкондо).
Covid-19 коронавирусу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында пайда болгон.
Ушул эле жылдын 31-декабырында өлкөнүн бийлиги белгисиз эпидемия жөнүндө Бүткүл саламаттыкты сактоо уюмуна билдиришкен.
11-мартта Бүткүл саламаттыкты сактоо уюму вирус пандемияга айланганын маалымдаган.
Булак: Баракелде