Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухан шаарында биринчи жолу коронавирус жуктурган учур катталган жок.
Мындай көрүнүш региондун жабылганынан бери (январдан бери) биринчи учур болгонун Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымдады.
Маалыматка караганда, Кытайдын аймагында коронавирус жуктургандарын жалпы саны 80 928 адамды түздү. Ал эми бул илдеттен 3245 адам каза болгон.
Акыркы сутка ичинде Хубэй провинциясында вирустан каза болгон жаңы 8 учур катталды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 18-мартка карата маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин 200 миңден ашык адам жуктурган.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжошкон. Окумуштуулардын айтуусунда вирус адамдарга жаныбарлар аркылуу жуккан.
Булак: Элгезит