Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 119

Иранда 10 мүнөт сайын коронавирус инфекциясынын кесепетинен бирден адам каза болуп жатат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Киянуш Жаханпур билдирди.

«Бир саат ичинде элүүгө жакын ирандыктар коронавирус жуктуруп, 10 мүнөт сайын бирден адам каза болуп жатат», - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Иража Харирчинин айтымында, коомго вирустун жайылганына адамдардын коомдук жерлерге барып, дарыгерлердин сунуштарын четке кагып жатканы себеп болууда.

Акыркы маалыматтарга караганда, Иранда жалпы 17 361 адамга коронавирус жуккан. Ал эми 1135 адам каза болгон.

Булак: Баракелде