Франция — Европа өлкөлөрү боюнча коронавирус инфекциясынын тарашына байланыштуу тургундарын карантинге алган акыркы мамлекет болду.
Франция — Европа өлкөлөрү боюнча коронавирус инфекциясынын тарашына байланыштуу тургундарын карантинге алган акыркы мамлекет болду. Италиялыктар менен испаниялыктар учурда толугу менен изоляцияга алынган. Ал эми аталган өлкөнүн жарандары карантиндин шарттарын буза турган болсо кандай жазалар көрүлө турганын «Euronews» басылмасы жазды.
Франция
Спорт менен машыгууга болот.
Өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон кыймылдарды чектөө боюнча 16-март күнү жарыялады. Ал Франциянын жарандарын карантиндин шарттарын сактоого чакырды. Расмий түрдө карантин 17-мартта башталып, 15 күнгө чейин созулат. Бирок эксперттер белгиленген убакыттын мөөнөтүн узартып, шарттарды күчөтүү керектигин билдиришти.
Франциянын Ички иштер министрлиги өлкөдөгү тартипти сактоого 100 миң полиция кызматкерлерин тартууну пландап жатат. Көбүнчө тургундар үйлөрүндө иштөөдө. Ал эми керектүү учурларда атайын уруксат алуу менен жумушун кеңседен улантса болот.
Ошондой эле бийлик азык-түлүк дүкөндөрүнө же дарыканага чыгууга, жашаган жеринен алыс эмес аймакта жалгыз спорт менен машыгууга уруксат берген. Бул үчүн жарандар колго жазылган атайын формуляр (тизме) толтуруусу талап кылынат.
Жогоруда аталган шарттарды аткарбагандарга 38 евро айып пул салынат. Бирок бийлик жакынкы арада айып пулдун баасын 135 еврого көтөрүүнү пландап жатат.
Испания
Тартипти бузгандар абакка отуруп калышы ыктымал.
13-март күнү Испанияда 15 күнгө өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бардык адамдардын карантиндин шарттарын аткаруусу талап кылынган. Мамлекеттик коопсуздук органдар изоляциядагыларга биринчи айып пулдарды салып баштады.
Карантиндеги испаниялыктар азык-түлүк, дарыканага барса болот. Үй жаныбарын, тактап айтканда итти сейилдетип чыгарууга уруксат берилген. Бирок көчөдөн спорт менен машыкканга тыюу салынган.
Эреже бузгандар 100 миңден 600 миң долларга чейин айып пул төлөйт, ошондой эле 3 айдан бир жылга чейин абакка отурушу мүмкүн.
Италия
Тартипти бузгандарга кылмыш иши козголот.
Италия — европа өлкөлөрүндөгү катуу тартиптерди киргизген биринчи мамлекет. Акыркы күндөрү карантиндин шарттарын сактабагандардын саны кескин түрдө өскөн. 16-март күнү гана 7890 тартип бузуулар катталган.
Италия менен Францияда көчөгө чыгуу үчүн атайын карантиндик режимди бузуп жаткан себептери менен форма толтурулат.
Коюлган эрежелерди бузгандарга иш козголуп, 3 ай абакка камалат же 206 евро айып пул төлөйт.
Булак: Баракелде