Бүгүн, 19-мартта Казакстандын Алматы шаарында коронавирус жуктурган дагы 1 учур катталды.

Бүгүнкү күндө Казакстанда вирус жуктургандардын саны 37 адамга жетти. Алардын ичинен 19 учур Алматыда, 18 учур Нур-Султан шаарында аныкталды. Аталган эки шаарда карантин режими башталды.

Казакстан өзүнүн жарандарына өлкөдөн чыгууга 15-апрелге чейин тыюу салган.

«Казакстандыктар 15-апрелге чейин чет өлкөгө чыга алышпайт. Бул чет өлкөгө дарыланууга бара турган жарандарга тийиштүү эмес. Алар Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелери тарабынан тастыкталган документти көрсөтүшү керек», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
15-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон болчу.

Булак: Баракелде