Италияда акыркы сутка ичинде коронавирус эпидемиясынан 475 адам каза болду.

Италияда акыркы сутка ичинде коронавирус эпидемиясынан 475 адам каза болду. Бул тууралуу «Worldometer» сайты жазды.

Өлкөдө вирус тарап баштагандан берки 24 саатын ичинде каза болгондор боюнча эң чоң көрсөткүч. Жалпы каза болгондордун саны 3000 адамга жетти. Ал эми вирус тарап баштаган Кытайда бул инфекциядан 3200 ашык бейтап каза болгон.

Ал эми бир суткада Италияда жаңы жуктурган 4207 учур катталды.

Булак: Баракелде