Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 13гө жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 13гө жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусу аныкталган жарандын жубайынан коронавирус аныкталды. Ошондой эле илдет Стамбул-Ташкент каттамы менен учуп келген өзбек жаранынан катталды.
"Бүгүнкү күндө 13 бейтапта илдет тастыкталды. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Өзбекстанда 2,1 миң адам карантинге алынган.
Эскерте кетсек, өлкөдө коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.
Булак: Кабар