Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 32ге жетти.

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Вирус жуктургандар боюнча 17 учур Нур-Султанда, 15 учур Алматы шаарында катталды. Маалыматка караганда, вируска кабылгандардын арасында 2 жана 14 жаштагылар бар.

Казакстанга 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, эгерде зарылдык болсо, режим узартыларын кошумчалады.

Ошондой эле, казакстандык жарандарга 15-апрелге чейин өлкө сыртына чыгууга тыюу салынды. Бул тыюулар эмделүү үчүн башка мамлекетке барууга мажбур болгондорго тийиштүү эмес. Ошентсе да, алар алдын-ала Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирүүсү кажет.

Борбор Азия боюнча Өзбекстанда да вирус катталган, алардын саны 10го жетти.

Булак: Маралфм