Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 10 кишиге жетти.

Газета.uz маалымдагандай, Стамбулдан учуп келген адамдын жубайынан жана ошол эле учак менен Өзбекстанга келген дагы бир жүргүнчүдөн COVID-19 табылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Өзбекстанда коронавирус COVID-19`ду жуктуруп алган эки жаңы учур катталды.

"Жалпы илдетти жуктургандардын саны 10 кишиге жетти. Бейтаптар ооруканага жаткырылды, абалдары канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар