Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ дүйнөлүк негизги экономикаларды бириктирип турган “чоң жетилик” тобуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилерин Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшүнө колдоо көрсөтүүсүн суранды.

Бул тууралуу Синдзо Абэ Reuters маалымат агенттигине билдирген.

«Биз Оюндардын өтүшү үчүн колдон келген бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап жатабыз. Ошону менен катар дүйнөдөгү адамзат Олимп оюндарын өткөрүү аркылуу жаңы коронавирусту жеңе ала тургандыгын далилдеш керек. Биз Олимпиадада толук кандуу мелдештердин өтүшүн каалайбыз», — деди япон премьери.

Белгилей кетсек, «Чоң жетиликтин» саммити алгачкы жолу коронавируска байланыштуу видео конференция түрүндө өткөн. Ага Франция, Германия, Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ жана Жапониянын өлкө башчылары катышкан.

Токиодогу Олимпиада оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтүш керек.

Булак: Элгезит