Украина президенти Владимир Зеленский ири бизнес өкүлдөрү менен учурашып, коронавирус эпидемиясынын жайылышын алдын алуу үчүн жардам сурады.
Украина президенти Владимир Зеленский ири бизнес өкүлдөрү менен учурашып, коронавирус эпидемиясынын жайылышын алдын алуу үчүн жардам сурады. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-кызматы маалымдады.
«Жыйында өлкө башчысы ири бизнес өкүлдөрү менен Украинада коронавирустун алдын алуу үчүн аткарылуучу иш-аракеттерди талкуулады. Айрыкча, коронавирусту аныктоочу тесттер партиясы, керектүү медициналык каржаттар, коргоочу жана дезинфекция каражаттарын сатып алуу тууралуу сөз болду»,- деп айтылат маалыматта.
Зеленский өлкөдөгү жагдай өтө оор эместигин, бирок, алдын-алуу аракеттерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалаган.
Маалыматка караганда, ишкерлер президенттин сунушун кабыл алып, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө макулдашкан.
Эске салсак, Украина чет өлкөнүн жарандарына мамлекетке кирүугө убактылуу чектөө киргизген. Украина 17-марттан баштап чек арасын 2 жумага жапканын бидирген.
Украинада COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандар 7 кишиге жетти. Алардын экөө каза тапкан.
Булак: Маралфм