Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 адамга жетти.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи бейтаптын (аял киши) жакындары, байланышта болгон адамдар текшерилип чыккан.

Жыйынтыгында анын кызы менен уулунан да коронавирустун белгилери табылды. Ал бейтап аял Франциядан Өзбекстанга учуп барганы белгилүү болгон.

Ошондой эле алар жашаган көп кабаттуу үй толугу менен дизенфекцияланып, 230 жашоочу медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.

Өзбекстандагы төртүнчү бейтап — 15-мартта эртең менен Стамбулдан учур барган (HY274 каттамы).

Булак: Баракелде