Казакстандын Алматы шаарында коронавирус адамга жуккан дагы бир учур катталды.
Казакстандын Алматы шаарында коронавирус адамга жуккан дагы бир учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.
Маалыматтарга караганда, коронавирус 2008-жылы туулган кыздан аныкталган. Ал Алматыга Германиядан учуп барган.
Учурда Казакстанда жалпы Covid-19 коронавирусу 9 адамдан аныкталды. Анын ичинен жетөө Алматыда, экөө Нур-Султан шаарында катталды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.
Булак: Баракелде