Италиянын аймагында акыркы сутка ичинде коронавирустун кесепетинен 368 адам каза болду.

Бул маалыматты жыйында Жарандык коргоо департаментинин башчысы Анжело Боррелли билдиргенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1809 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде дагы 2853 учур катталып, өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 20,6 миң адамга жеткен. Айыккандардын саны — 2335 адам.

Өлкөдөгү мекемелер — билим берүү мекемелери, көңүл ачуучу жайлар, спорттук имараттар жабык, туристтердин кириши жана шаарлардын байланышы токтогон.

Булак: Баракелде