Россия 16-марттан тарта Европа биримдигиндеги өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдүн киришин убактылуу чектейт.
Бул коронавируска байланыштуу экенин өлкөнүн ыкчам штабы билдиргенин «РИА Новости» басылмасы жазды.
Ыкчам штабдын бул чечими өлкөнүн аймагына жаңы дарттын жайылышын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо максаты менен байланыштуу. Ал эми Москва шаарынан Европа өлкөлөрүнүн борборлоруна жана Москвага богон регулярдуу каттамдар, ошондой эле россиялыктарды мекенине жеткирүүчү чартердик каттамдар каттай берет.
Булак: Баракелде