Кытайда 14-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 962 адам жабыркаса, 51 миң 553 жаран сакайып, 3 миң 189 адам каза болду.
Кытайда 14-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 962 адам жабыркаса, 51 миң 553 жаран сакайып, 3 миң 189 адам каза болду.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 145 миң 360 адам жабыркап жатса, каза болгондор 5 миң 416га жетти. Ал эми айыккандардын саны 70 миң 296 адамды түзөт.
Италияда жуктуруп алгандар - 17 660, каза болгондор - 1 266, сакайгандар - 1 439. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.
Иранда жуктургандар - 11 364, каза болгондор - 514. Вирустан 2 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 8 миң 86 адам жабыркап, 72 жаран каза болгон, 510 жаран сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Булак: super.kg