Казакстанда коронавирусун жугузуп алгандардын саны төрт кишиге жетти.
Казакстанда коронавирусун жугузуп алгандардын саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу 13-мартта кечинде Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.
Анын айтымында, коронавирус Алматы шаарынын 44 жаштагы тургунунан табылды. 13-мартта Германиядан учуп келген бул эркек киши Алматыдагы атайын ооруканага жаткырылды.
Мунун алдында Германиядан келген эки казак жараны жана Италиядан келген бир казакстандык коронавирусту жугузуп алганы ырасталган.
Булак: Элгезит