Иранда коронавирус жуктургандардын саны 11 364 адамга жетсе, 514 киши каза болду.

Иранда коронавирус жуктургандардын саны 11 364 адамга жетсе, 514 киши каза болду. Ал эми акыркы сутка ичинде вирус жуктурган 1289 киши катталып, 85 адам көз жумганын саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Али Реза Вахабзаде билдиргенин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Анын айтымында, коронавирустан 3529 адам айыккан.

Ирандын бийлиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фондунан 5 миллиард доллар сурады. Ал эми 11 мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемияга айланганын билдирген.

Пандемия – бул жаңы оорунун дүйнөлүк масштабда жайылышы.

Булак: Баракелде