Казакстанда коронавирусту жуктурган үчүнчү учур катталды.

Казакстанда коронавирусту жуктурган үчүнчү учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Италиянын Милан шаарынан учуп келген адамдын анализинде коронавирус аныкталган. Ал айым 12-мартта Нур-Султан калаасына келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда Германиядан учуп келген эки адам аталган илдетти жуктуруп алганы тастыкталган.

Булак: Кабар