Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 130

Казакстанда коронавирус катталды. Эки учур чыкканын бүгүн, 13-мартта Нур-Султан шаарындагы ыкчам маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдиргенин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты.

«Бүгүн кылдат текшерүүдөн кийин коронавирус аныкталды. Казакстандын жарандары Германиядан келишкен. Алардын анализинен кийин коронавирус чыкты», - деди министр.

Ал аталган жарандарда клиникалык белгилер жок экенин билдирди. Учурда 2 бейтап тең карантинге алынды. Министр медициналык уюмдар мындай кырдаалга толук түрдө даяр экенин белгилеген.

Булак: Баракелде