Испаниянын бирдей мүмкүнчүлүктөр министри Ирене Монтеродо коронавирус аныкталган.

Испаниянын бирдей мүмкүнчүлүктөр министри Ирене Монтеродо коронавирус аныкталган. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Монтеро жана анын жолдошу аталган өлкөнүн вице-премьери Пабло Иглесиас карантинге алынды.

«Өкмөт мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык. Түзүлгөн протоколго ылайык, эртең эрте менен өкмөттүн бардык өкүлдөрүнөн анализ алынат», — деп айтылат маалыматта.

Бейшемби күнү коронавируска каршы күрөшүүдөгү иш-чаралардын планын кабыл алууга арналган жыйынга тиешелүү гана министрлер катыша алат. Калган бардык жыйындар видео конференциялар аркылуу өткөрүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирусту 2 миң 200 адам жуктуруп, 55и каза болгон.

Булак: Элгезит