Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 147

2019-жылдын декабрь айында чыккан коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарындагы дарыгерлер убактылуу госпиталдардын жабылышын кубануу менен белгилешти.

2019-жылдын декабрь айында чыккан коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарындагы дарыгерлер убактылуу госпиталдардын жабылышын кубануу менен белгилешти. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга таянсак, 10-мартта Ухандагы убактылуу госпиталдар акыркы бейтаптарды чыгаргандан кийин жабылган.

Социалдык түйүндөргө дарыгерлер акыркы борбор жабылгандан кийин бет каптарды кубануу менен чечип жатканда тартылган видео тараган.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча, коронавирусту 114 өлкөдө 118 миңден ашуун адам жуктурду. 4291 адам каза болгон.

Аталган уюм коронавирустун жайылышы Италия менен Иранда көзөмөлдөн чыгып кеткенине тынчсызданып жатат.

Булак: Баракелде