Иранда үч аткаминер коронавируска чалдыкты. Алар: өлкөнүн вице-президенти Эсхак Жахангири, маданий мурас жана кол өнөрчүлүк министри Али Аскар Мунисан жана өнөр жай, шахта жана соода министри Реза Рахмани.

Иранда үч аткаминер коронавируска чалдыкты. Алар: өлкөнүн вице-президенти Эсхак Жахангири, маданий мурас жана кол өнөрчүлүк министри Али Аскар Мунисан жана өнөр жай, шахта жана соода министри Реза Рахмани. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги жазды.

Мындан сырткары, парламенттин 8 депутатында да коронавирус аныкталган. Алардын экөө көз жумган.

Буга чейин Ирандын үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча вице-президенти Масума Абтахор да коронавируска чалдыгып, кайра сакайганы кабарланган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Иранда 9 миңден ашык жаран илдетке кабылган. Алардын 354ү каза тапса, 3 миңдей бейтап сакайган.

Булак: Маралфм