Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Вирустун алдын алуу максатында базарлар, коомдук тамактануу түйүндөрү, калкты тейлөө жайлары жана эл көп жүргөн жерлер дезинфекцияланууда. "Алмадез» препаратынын жардамы менен күнүгө тазалык иштери жүрүүдө. Мекеме-ишканаларда, бала бакча жана мектептерде да коронавирустун алдын алуу аракеттери жүрүп жатат.

Ушул тапта Тажикстанда коронавируска чалдыккандар жок. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-февралдан 9-мартка чейин Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Ооганстандан келген 1566 киши текшерүүдөн өткөн. Алардын көбү эки жума карантинде болушкан.
4-мартта Тажикстандын Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууга чектөө киргизген.

Нооруз майрамына карата студенттер менен окуучулардын салттуу жүрүштөрү токтотулган.

Булак: Азаттык