Мындай буйрукту өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 11-мартта чыгарды.
Мындай буйрукту өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 11-мартта чыгарды. Бул коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында болууда. Ага ылайык, кафе, бар, ресторан, чачтарачканалар, сулуулук салондору да убактылуу ишин токтотот. Конте азык-түлүк таңсыктыгы болбосун эскертип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
"Бул чаралардын натыйжасын биз эки жумадан кийин көрө алабыз," - деди Жузеппе Конте.
Өндүрүш жана айыл чарба азыктарын өндүрүү иши өз нугунда кете берет. Ишкана жетекчилерине кызматкерлердин саламаттыгына кам көрүү тапшырылды. Ошол эле учурда аларды үйдөн отуруп иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.
Коомдук транспорт, почта жана банктар мурункудай иштей берет.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты.
Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды.
Булак: Азаттык