Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 118

Кытай коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүп жаткан Италияга гуманитардык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Италиянын министри Луиджи Ди Майо менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирген.

Ди Майонун айтымында, Италиянын учурдагы абалы оор. Италиянын өкмөтү эпидемияга каршы күрөшкөн Кытайдын ийгиликтүү тажрыйбасына байкоо жүргүзүп жатат.

«Италияда медициналык каражаттар, жабдыктар жетишпей, башка дагы көйгөйлөр болуп жатат. Италия Кытай өлкөсү мындай өзгөчө кырдаалда жардам көрсөтөт деп үмүттөнөт», - деди Италиянын тышкы иштер министри.

Өз кезегинде Ван И Кытай өлкөсү Италияга колдоо көрсөтө турганын белгилеп: «Учурда Кытай өзү медициналык каражаттарга муктаж болуп жатат. Бирок буга карабастан, биз бардык кыйынчылыктарды жеңип, Италияга керектүү бет каптарды жана башка медициналык каражаттарды бөлүп беребиз. Ошондой эле Кытай эпидемияга каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн Италияга дарыгерлердин тобун жиберүүгө даяр», - деди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда коронавирус жуктурган 10,1 миңден ашуун учур катталды. Анын ичинен 1004 адам айыгып, 631 адам (1 суткада 168 адам) каза болду.

Булак: Баракелде