Улуу Британияда саламаттыкты сактоо министринин бейтаптардын коопсуздугу боюнча орун басары Надин Дорриден коронавирус (COVID-2019) аныкталды.
Улуу Британияда саламаттыкты сактоо министринин бейтаптардын коопсуздугу боюнча орун басары Надин Дорриден коронавирус (COVID-2019) аныкталды. Бул тууралуу «The Guardian» өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Чиновник айымдын айтымында, коронавируска анализ тапшырып, оору аныкталгандан кийин тиешелүү чараларды көрүп, үйүндө дарыланып жатат.
Улуу Британияда коронавирус жуктурган 382 учур катталып, оорунун кесепетинен 6 адам каза болду.
Буга чейин бир нече өлкөдө жетекчилерге коронавирус жуккан болчу. Алардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө иши боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар да бар.
Булак: Баракелде