Моңголия Россия, Түркия жана Казакстандын аэропортторундагы бардык авиакаттамдарын убактылуу токтотту.

Моңголия Россия, Түркия жана Казакстандын аэропортторундагы бардык авиакаттамдарын убактылуу токтотту. Бул коронавирус дартына байланыштуу.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссия Москва, Стамбул жана Нур-Султан шаарларындагы бардык каттамдарды 11-марттан тарта 28-мартка чейин токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми «MIAT» авиакомпаниясы бул аралыкта бул өлкөлөрдөгү Моңголиянын жарандарын эвакуациялоо иштерин жүргүзөт.

Дагы бир чечим — Моңголиянын жарандарына Россиянын чек арасына автотранспорттор менен кирүүгө, ошондой эле Россиядан чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө 31-мартка чейин тыюу салынды.

Улан-Батор—Иркутск—Улан-Батор жана Улан-Батор—Москва—Улан-Батор темир жол каттамы 28-мартка чейин иштебейт.

Моңголия Түштүк Корея, Кытай, Япония, Гонконг жана Тайвань менен болгон аба байланышын февралдын аягында токтоткон болчу.

Моңголияда коронавирус жуктурган биринчи учур катталганы кечээ, 10-мартта маалым болгон.

Оору 2-мартта Москва—Улан-Батор каттамы менен барган Франциянын жаранынан аныкталды. Коронавирус жуктурган адам «Badrach Energy» компаниясында иштейт.

Булак: Баракелде