Сингапурдун дарыгерлери коронавирустун жаңы белгилерин аныкташты.
Сингапурдун дарыгерлери коронавирустун жаңы белгилерин аныкташты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын «Lancet» журналы жарыялаганын «РИА Новости» басылмасы жазды.
Алардын билдирүүсү боюнча, башында кээ бир бейтаптарга денге безгеги деген диагноз коюлган. Алардан дене табы көтөрүлүп, кычыштырган исиркектер пайда болгон. Ошол эле учурда коронавирустун белгилери болгон эмес. Бейтаптарга денге безгегине каршы дарылоо жардам бербей, дем алуусу оорлогондо дагы бир ирет текшерүүдөн өтүшкөн. Анализдин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталган.
Дарыгерлер кесиптештерин дартты аныктоону олуттуу кароого чакырып, туура эмес дарылоо коомго коркунуч жаратарын билдиришти.
Булак: Баракелде