Google компаниясынын тил котормолор сервиси өз базасына 5 жаңы тил кошту.

Google компаниясынын тил котормолор сервиси өз базасына 5 жаңы тил кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, эми котормолор руанда, ория, татар, түркмөн жана уйгур тилдеринде да жеткиликтүү болот.

Дүйнөдө аталган тилдерде 75 миллионго жакын адам баарлашат.

Жалпысынан, учурда Google Translatе аркылуу 108 тилде онлайн котормолорду ишке ашырууга болот. Кыргыз тили дүйнөлүк котормолор сервисине 2016-жылы киргизилген.

Булак: Элгезит