Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 170

 Американын Калифорния штатында «Grand Princess» саякат кемеси жээкке токтотулду.

 Американын Калифорния штатында «Grand Princess» саякат кемеси жээкке токтотулду. Кеме 5-мартта карантинге алынган. Себеби экипаждын 19 мүчөсүнөн жана 2 жүргүнчүдөн коронавирус аныкталган.

Круиздик кеме Окленддеги портко токтотулду. Ал жерде шаардын жетекчилиги 4 гектар жердин аймагын тосушту. Дарыгерлердин айтымында, 1 миңдей жүргүнчү — Калифорниянын жашоочулары аскер базаларына жөнөтүлүп, ал эми калган штаттын жашоочулары Техастагы же Жорджиядагы бириктирилген базада карантинде болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ, 9-мартта тараткан маалымат боюнча, 6-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинен кеменин бортунда кыргызстандык 2 жаран бар экени тууралуу расмий нота келди.

«Элчилик Кыргызстандын жарандары менен байланышып, алар өзүн жакшы сезип, экипаждын мүчөлөрү күнүнө 3 жолу тамак берип жатканын белгилешти. Элчиликтин маалыматы боюнча, 9-мартта кеме Калифорниядагы Окленд портуна барып, дарылоого жана ооруканага жатууга муктаж болгон жүргүнчүлөр жерге түшүрүлөт», - деп айтылган билдирүүдө.

Булак: Баракелде