Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирустун жаңы түрү −COVID-19 жуктуруп алды.
Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирустун жаңы түрү −COVID-19 жуктуруп алды. Бул туурасында министрдин канцеляриясына шилтеме менен Франс Пресс агенттиги билдирди, деп жазды РИА Новости.
«Министрден коронавируска карата алынган анализ бүгүн оң чыкты», — деп билдирет агенттик. Маалыматка караганда, учурда Франк Ристер Париждеги өз үйүндө жана абалы жакшы.
Министр өткөн жумада бир нече күн Улуттук кеңеште өткөргөн, учурда кеңештин 5 депутаты коронавирус жуктурганы аныкталды.
Өлкөнүн саламаттык сактоо башкы дирекциясынын жетекчиси Жером Саломондун айтымында, Францияда коронавирус жуктургандардын саны 1412 адамга жетип, 25 адам каза тапты.
Кыргызстанда расмий маалыматка караганда коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.
Булак: Элгезит