Коронавирус Молдова өлкөсүнө да жетти.
Коронавирус Молдова өлкөсүнө да жетти. Бул дарт катталганы расмий жарыяланганын «РИА Новости» басылмасы жазды.
«Молдова Республикасынын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлиги коронавирустун жаңы түрү өлкөдө биринчи жолу катталганын расмий тастыктады. Бейтап — 48 жаштагы аял Италиядан 8-мартта келген», - деп айтылат билдирүүдө.
Бейтап аял ооруканага жеткирилди. Маалыматтарда ал кант диабети жана гипертония менен жабыркай турганы айтылат.
Республикалык ыкчам штабдын акыркы билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда коронавирус катталган жок.
Булак: Баракелде