Жалпы бул илдетке 108 446 киши чалдыккан, мунун ичинен 27 миңден ашууну Кытайдан башка мамлекеттерде катталды.
Жалпы бул илдетке 108 446 киши чалдыккан, мунун ичинен 27 миңден ашууну Кытайдан башка мамлекеттерде катталды. Гонконгдун South China Morning Post басылмасы маалымдагандай, акыркы суткада 3544 адам ооруну жуктурган.
Италияда акыркы суткада 133 адам коронавирустан өлдү. Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, жалпы өлгөндөрдүн саны 366га жетти. COVID-19 деп аталган жугуштуу илдетке Италияда 7375 адам чалдыккан.
Кытайдын өзүндө бир суткада 28 адам, жалпы 3097 киши өлдү. Италияда 366, Түштүк Кореяда 50, Иранда 194, Францияда 19, Жапонияда 14 адам көз жумду.
Оорудан 58,5 миң адам айыгып чыкты.
Коронавирус ушул тапта дүйнөнүн 94 өлкөсүндө катталды.
Булак: Азаттык