Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 119

Казакстандын Алматы шаарында аялдардын укугун коргогон жарандар маршка чыгышты, деп маалымдайт «Tengrinews.kz» басылмасы.

Марш 8-мартта эртең менен башталып, шаардагы феминисттик кыймылдардын өкүлдөрү чогулган. Бийликтин эскертүүсүнө карабастан бир нече аял киши колонна болуп Арбат көчөсүнөн өтүштү.

Алардын лозунгдарынын арасында «Менин денем — мага таандык», «Аялдардын эркиндиги үчүн!», «Өзүңдү танда!» деген чакырыктар болду. Катышуучулардын көпчүлүгү кара түстөгү кийим кийип алышкан. Ал турмуштагы зордук-зомбулуктун курмандыктарына байланыштуу. Чогулгандар опера жана балет театрынын жанында курман болгон аялдардын элесине арнап, гүл чамбар өрттөштү.

Марштын уюштуруучуларынын маалыматы боюнча, Казакстанда жыл сайын күйөөсүнөн зордук көргөн 400 чакты аял көз жумат.

Митингден кийин эч ким кармалган жок.

Булак: Баракелде