Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды.
Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Ришар Ферран ушул тапта реанимацияда экенин билдирди.
Ооруган депутаттын аты-жөнү ачык айтылган жок, ал Эльзас аймагынан шайланып келгени, оппозициялык "Республикачылар" фракциясынан экени гана белгилүү болду.
Парламенттин ашканасы менен рестораны убактылуу жабылды. Бул жагдай Улуттук Ассаблеянын мындан аркы ишине кандай таасир этери азырынча белгисиз. Мунун алдында Францияда ооруну жаңыдан жуктуруп алган жүздөн ашык адам катталган. Бул өлкөдө вируска кабылгандардын саны 500гө чукулдап калды. Президент Эммануэл Макрон "эпидемиядан буйтап өтүү мүмкүн эмес" экенин эскертип, даярдык-сактык чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Булак: Азаттык