Демилгени президенттин "Слуга народа" партиясы көтөрүп чыккан.

Демилгени президенттин "Слуга народа" партиясы көтөрүп чыккан. Фракция башчысы Давид Арахаминин айтуусунда, Рябошапканын кызматтан кетүүсүнө негизги себеп - мурунку президент Петр Порошенконун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу иликтөө ордунан жылбай жатканы болгон.

Руслан Рябошапка мурдараак өзүн коррупцияга баткан саясатчылар кызматтан кетирүүгө аракеттенип жатышат деп билдирген. Ал өзүнө карата "ишеним көрсөтпөөчүлүк калпка негизделген" деп айткан.

Украин президенти Владимир Зеленский Рябошапканы мыкты адис деп айтты. Президенттин пикиринде бирок ал ишинен жыйынтык көрсөтө алган жок.

Рябошапка Башкы прокурорлук кызматка былтыр августта дайындалган.

Булак: Азаттык