Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 77 миң 150 адамга жетип, алардын ичинен 2592 адам каза болду.
Ал эми 24 миң 734 адам ооруканадан чыгарылганын «РИА Новости» жазды.
«Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комиссия 31 провинциядан коронавирус жуктурган 77 миң 150 учур тастыкталганы тууралуу маалымат алды. 9915 адамдын абалы оор», - деп айтылат маалыматта.
Акыркы суткада Кытайда коронавирус жуктурган 409 жаңы учур катталса, 1846 адам ооруканадан чыгарылды. Ошондой эле 1 суткада 150 адам (Хубэй провинциясында 149, Хайнань провинциясында 1 жаран) көз жумду. Мындан тышкары акыркы суткада 620 адам коронавирус жуктурган деп шектелүүдө.
Ал эми жалпы өлкө боюнча жаңы коронавирусту 3434 адам жуктурган деп шектелип, ооруга чалдыккандар менен байланышта болгон 97 миң адам медициналык көзөмөлгө алынды.
Эмидемиянын очогу Хубэй провинциясында бир суткада коронавирус жуктурган 398 учур (348 учур Ухань шаарында) катталды. Эпидемия башталгандан бери провинцияда коронавирусту жалпы 64 миң 287 адам жуктурган. Муну менен катар эле 16,7 миңдей адам бул оорудан айыкты. Учурда провинцияда 45 миң 54 адам ооруп жатат, алардын ичинен 9430 жарандын абалы оор.
Гонконгдо коронавирус жуктурган 112 учур (алардын ичинен 2 адам каза болуп, он экиси сакайды), Макаодо 10 учур (6 адам ооруканадан чыгарылды), Тайванда 28 учур (1 адам каза болуп, бешөө сакайды) аныкталды.
Булак: Баракелде