Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 113

Иран бийлиги коронавирустан дагы эки адам набыт болгонун маалымдаган соң, коңшулаш Армения чек арасын катуу көзөмөлдөөгө өттү.

Иран бийлиги коронавирустан дагы эки адам набыт болгонун маалымдаган соң, коңшулаш Армения чек арасын катуу көзөмөлдөөгө өттү. Сауд Арабиясы өз жарандарын Иранга барууга тыюу салды. Ирак 20-февралдан тарта Ирандык туристтерге убактылуу чектөө киргизип, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Ал эми Ирандан кайткан ирактыктар кылдат текшерүүдөн өткөрүлүп жатканы кабарланган. Кувейт дагы Иран менен аба жана деңиз каттамдарын токтоткон.

Ирандын саламаттыкты сактоо министри Киануш Жаханпур 23-февралда улуттук телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө:

"Жалпы өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 15 адам катталды. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө 43 адам бул ооруга чалдыкты"- деп айтты.

Иранда коркунучтуу илдеттен жалпысынан 8 киши көз жумду. Бул вирустан өлгөндөрдүн саны жагынан Кытайдан кийинки орун.

Бирок бийлик оорудан өлгөндөр кайсы аймактарда катталганын ачык айткан жок.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн түндүгүндөгү Мазандаран провинциясындагы Медициналык университеттин башчысына таянып, Тегерандан келген бир киши өлгөнүн жазып чыгышты.

Ирандын саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, өлкөдө 785 адам вирусту жуктурган деп шектелүүдө.

Ооруга чалдыккандар жана андан набыт болгондордун көпчүлүгү Тегерандан 120 чакырым аралыктагы Кум аймагында катталган.

Булак: Азаттык