Венециянын бийлиги карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту.
Венециянын бийлиги карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту. Бул күндөн тартып, шаардагы бардык эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу Reuters агенттиги облус губернатору Луку Дзайюга шилтеме кылып жазды.
Ишембиде Италиянын бийлиги оорунун күчөп кетүүсүнөн улам анын алдын алуу чараларын кабыл алган.
Венето жана Ломбардияда мектептер жана окуу жайлар жабылды. Жергиликтүү бийлик абал начарлап кетсе, чукул кырдаал киргизүүгө укук алды.
Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берген.
Премьер-министр карантинге алынган аймактардан бир да адам атайын уруксатсыз чыкпай турганын айтты.
Өткөн аптанын соңку күндөрү Италияда коронавирустан эки адам набыт болгон. Бир сутканын ичинде өлкөдө оору жуктургандардын саны жүздөн ашкан.
23-февралда А сериясындагы футбол оюндары да токтотулду. Европа кубогу үчүн мелдештер жылдырылат же көрүүчүлөрү жок өткөрүлүшү ыктымал. 24-февралда Испаниядан келе турган "Барселонанын" оюнчулары жана башка тийиштүү адамдар медициналык көзөмөлдөн өткөрүлөт.
ANSA агенттиги коронавирустан улам Миландагы салттуу Мода жумалыгы да чектөөлөргө туш болушу мүмкүн деп билдирди. Ага ылайык, 23-февралда Армани мода үйү көргөзмөсүн жабык өткөрөрү маалым болду. Конокторго көргөзмөнү үйлөрүндө эле сайттан көрүү сунушталмакчы.
Булак: Азаттык