Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 126

Анын башындагы шишикти алып жатканда кыймылдын милдеттерин аткарган органдары иштеп жатканын аныктоо үчүн скрипкада ойногон.

Анын башындагы шишикти алып жатканда кыймылдын милдеттерин аткарган органдары иштеп жатканын аныктоо үчүн скрипкада ойногон. «Euronews» басылмасынын маалыматы боюнча, шишик сол колунун кыймылы үчүн жооптуу болгон кооптуу аймакка жакын жайгашкан. Операция учурунда туура эмес кыймыл анын скрипка ойноосуна таасирин тийгизмек.

53 жаштагы Дагмар Тернер Англиянын Уайт аралындагы симфониялык оркестринде иштеп келет. 7 жыл мурун башында глиома шишиги бар деген диагноз коюлган. Бул дартка нурлануу терапиясы жардам бербегенине байланыштуу операция жасаганга туура келген. Бирок операция жасоо убагында бейтап сергек болуп туруусу зарыл. Шишик мээнин аймактарында, тактап айтканда көрүү жана кыймылдын милдеттерин башкарган аймакта жайгашкан учурда ушундай ыкма колдонулат.

Дарыгерлер операция учурунда Тернер менен байланыш болуп турушу үчүн анын скрапкада ойноосу керек деп чечишкен. Биринчи кезекте бейтап аялды уйкуга кетирип (медициналык дары менен), баш сөөгүнө трепанация жасашты. Операциянын ортосунда аны күчтүү ооруну басуучу дары берип ойготуп, скрипкада ойноосун суранышкан. Жыйынтыгында операция ийгиликтүү өткөн.

Булак: Баракелде