Япониядагы «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык жаран өзүн жакшы сезип жатат.
Япониядагы «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык жаран өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жаран кемеден чыгарылып, учурда ооруканада жатат. Кеме Японияда токтогондон бери Кыргызстандын элчилиги аны менен байланышта болууда.
«Элчиликтин маалыматы боюнча, ал өзүн жакшы сезип жатат. Моралдык-психологиялык абалы жакшы деп бааланууда. Оорунун белгилери байкалган жок. Анын кемедеги кошунасынан коронавирус аныкталган. Биздин жаранга коронавирус жукту делген маалымат тастыкталган жок», - деди ал.
Буга чейин кыргызстандык жаран экипаждын мүчөсү экени белгилүү болгон.
Булак: Баракелде