Boeing компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагынын бензин куюуучу бактан турдүү заттар табылганын билдирди.

Boeing компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагынын бензин куюуучу бактан турдүү заттар табылганын билдирди. Корпоарация буга байланыштуу иликтөө иштерине жана сатыкка даярдалып жаткан учактарды текшерүү киришкенин Reuters агенттиги Boeing компаниясынын ички документтерине таянып билдирди.

Boeing 737 Max учактары былтыр марттан тарта пайдалануудан алынган. Буга аталган үлгүдөгү учактардын кырсыкташы негиз берген. 2018-жылы октябрда Индонезияда, 2019-жылы мартта Эфиопияда жүргүнчү ташып бараткан Boeing 737 Max учактары кыйраган. Натыйжада 346 адам набыт болгон. Кыйроонун себеби катары учактагы электрондук программалоо системасындагы мүчүлүштүктөр айтылган.

Быйылтан тарта Boeing компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагын чыгарууну токтоткон.

Булак: Азаттык