Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 100

Япониядагы круиздик «Diamond Princess» кемесинде коронавирус менен ооруган 2 адам каза болду.

Япониядагы круиздик «Diamond Princess» кемесинде коронавирус менен ооруган 2 адам каза болду. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, коронавирустан каза болгондордун бири болжол менен 80 жаштагы эркек киши, ал эми экинчиси аял болгон. Мындай учур кеменин жүргүнчүлөрү менен экипаждын мүчөлөрүнүн арасында биринчи жолу катталды.

Жаңы оорунун таралышын алдын алуу үчүн 14 күн бою круиздик кеменин жүргүнчүлөрү менен экипаждын мүчөлөрү япониялык Йогокама портунда карантинде болушкан.


«Diamond Princess» кемеси саякатын баштаганда жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү болуп жалпы 3,7 миң адам болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, ал кемедеги 540 адамдан коронавирус табылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кемеде Кыргызстандын 1 жараны бар экенин жана ал коронавирус жуктурду деп шектелип жатканын, дене табы көтөрүлбөй, абалы жакшы экенин билдирген болчу.

Булак: Баракелде