Моңголиянын бийлиги бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлардагы ишмердүүлүктү чектөө убактысын 30-мартка чейин узартты.
Моңголиянын бийлиги бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлардагы ишмердүүлүктү чектөө убактысын 30-мартка чейин узартты. Бул өлкөгө коронавирус дартын киргизүүдөн сактануу үчүн жасалган аракет.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Д.Сарангэрэл Кытайдагы жаңы дартка байланыштуу билим берүү мекемелерин убактылуу жабуу сунушун 24-январда билдирген. Бул маселе Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосунан өтүп, жыйынтыгында чектөөлөр 27-январдан тарта 2-мартка чейин деп белгиленген.
Акыркы маалыматтар боюнча, Моңголияда коронавирус менен катталгандар жок. Кытай менен чектешкен чек аранын жабылышы да ооруну алдын алууга байланыштуу.
Маалыматтар боюнча, Кытайда Моңголиянын 336 жараны бар. Алар өлкөсүнө кайтууга даяр экенин айтышкан.
Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 75 миң адамдан ашты. Көз жумгандардын саны 2 миңден ашты деп маалымдалып жатат.
Булак: Баракелде