Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 132

Көчөгө чыккандар, маска такпагандар 15 күнгө камалат" дейт Кытай жараны

SUPER.KG порталы кытайлык жаран менен байланышып, күн санап жайылып жаткан коронавируска байланыштуу андагы жашоо-шарт жөнүндө суроо салды. Ал коронавирус чыккан Ухан шаарынан 600 чакырым аралыкта жашайт.

"Анткени менен биз жашаган аймакта да коронавирустун алдын алуу боюнча катаал эрежелер сакталууда. Бизге өтө эле кыйын болуп жатат. 10-февралдан баштап үйдөн чыкпаш керек деген талап коюлду. Айрым үй-бүлөлөрдүн кээ бир мүчөлөрү конокко же жумуштап башка аймакка кеткен да ошол күнү. Алар ошол бойдон башка үйдө калышты. Мисалы биздин короодо, үйдүн алдында күзөт кызматкерлери менен аймак башчыларынын өкүлдөрү турат. Ким сыртка чыкса кайра үйгө кайтарышат. Дары-дармек керек болуп калат экен адамга, мындай учурда полиция эмне дары экенин жазып бер алып келип беребиз дешет. Короодо чакан дүкөн иштеп жатат, азык түлүк өтө тартыш, бар нерсени гана алып жеп жатабыз. Ачка да калып калган учурлар болууда. Сыртка дүкөнгө чыкканга да эрежелер киргизилген, аз убакыт ичинде, көпкө кармалбастан соода кылып дароо үйдүн ичине кириш керек. Мындайда өз үйүң өзүңө түрмө сыяктуу сезилет экен. Кээ бир башка эле оору менен ооругандардын абалы начарлап кетип жатат. Терезеден сыртты карап отурабыз, көчөдөн каргалар менен күзөтчүлөр гана көрүнөт. Мунун баары албетте, ооруга чалдыгып калышпасын деген жакшы ниет менен жасалып жатат. Болгону коронавирустун дагы бир кесепети тууралуу сүрөттөп бердим", - деди ал өзүнүн аты-жөнүн жарыялоодон баш тартып. Ошондой эле ал бүгүнкүгө деп дүкөндөн алган азыгынын сүрөтүн жөнөтүп, азык-түлүктүн тартышытыгын белгилеген.

Мындан тышкары интернетке "Кытайда тыюу салынганга карабай көчөгө чыккандар, маска такпагандар полиция бөлүмүнө жеткирилүүдө" деген видео тараган. Кытай жараны мындай тыюу, эрежелерди сактабагандарды полиция бөлүмүнө жеткирип жатышканын, айрымдары 15 күнгө чейин камакка алынып жатат деген кептер бар экенин билдирди.


Булак: super.kg