Япониядагы круиздик «Diamond Princess» кемесиндеги 14 күндүк карантин аягына чыкты.
Япониядагы круиздик «Diamond Princess» кемесиндеги 14 күндүк карантин аягына чыкты. Карантин андагы жүргүнчүлөрдүн биринен коронавирус дарты табылгандан кийин башталган болчу.
Бүгүн, 19-февралдан тарта жүргүнчүлөр жээкке чыгып башташканын «РИА Новости» жазды. Алгачкылардан болуп улуу курактагы аял киши чыккан. Жүргүнчүлөрдү ондогон автобустар күтүп турат. Бүгүн 500 чакты адам жээкке чыгарылат деп күтүлүп жатат. Аларда коронавирустун белгилери табылган эмес жана негизинен улгайган адамдар.
«Diamond Princess» кемеси саякатын баштаганда жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү болуп жалпы 3,7 миң адам болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, ал кемедеги 540 адамдан коронавирус табылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кемеде Кыргызстандын 1 жараны бар экенин жана ал коронавирус жуктурду деп шектелип жатканын, дене табы көтөрүлбөй, абалы жакшы экенин билдирген болчу.
Булак: Баракелде