Кытайдын Ухань шаарындагы «Учан» бейтапканасынын башкы дарыгери Лю Чжимин коронавирустан каза болду.

Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеберүүсүнөн билдиришти.

Буга чейин анын каза болгонун «Жэньминь Жибао» гезити жазып чыккан. Бирок кийинчерээк бул маалымат төгүндөлгөн.

51 жаштагы Лю Чжимин коронавирустан көз жумган Кытайдагы медициналык мекеменин алгачкы жетекчиси болду. «Учан» бейтапканасы коронавирусту жуктурган бейтаптарды биринчилерден болуп кабыл ала баштаган. Оорукана 966 орунга ылайыкталган.


17-февралга карата дүйнөдө коронавирус жуктурган 71 429 адам катталды. Анын ичинен 2162 учур акыркы суткадагы көрсөткүч. Бул маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму таратты. Кытайда 70635 учур катталса, калган 794 адам 25 өлкөдө.

2019-жылы 31-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жаңы түрү тууралуу билдирүү алган. Вирус 11 млн адам жашаган Ухань шаарында чыккан.

Булак: Баракелде