17-февралга карата дүйнөдө коронавирус жуктурган 71 429 адам катталды.
17-февралга карата дүйнөдө коронавирус жуктурган 71 429 адам катталды. Анын ичинен 2162 учур акыркы суткадагы көрсөткүч. Бул маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму таратты.
Кытайда 70635 учур катталса, калган 794 адам 25 өлкөдө.
Коронавирус катталган өлкөлөр жана аны жуктурган адамдардын саны:
- Кытай — 70635
- Сингапур — 75
- Япония — 59
- Тайланд — 35
- Түштүк Корея — 30
- Малайзия — 22
- Германия — 16
- Вьетнам — 16
- Австралия — 15
- АКШ — 15
- Франция — 12
- Улуу Британия — 9
- Бириккен Араб Эмираттары — 9
- Канада — 7
- Филиппин — 3
- Индия — 3
- Италия — 3
- Россия — 2
- Испания — 2
- Камбоджа — 1
- Непал — 1
- Шри-Ланка — 1
- Бельгия — 1
- Финляндия — 1
- Швеция — 1
- Египет — 1
- Япониядагы «Princess Diamond» круиздик кемесинде 454 учур катталганы маалым болду. Алардын бири Кыргызстандын жараны экени маалымдалган. Азырынча Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча расмий билдирүү бере элек,
Кыргызстандын аймагында коронавирус катталган жок. Эпидемиологиялык абал туруктуу.
Булак: Баракелде